www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясы (USCIRF) тажик бийлигинин улуттук маданиятка жат кийимдерди кийүүгө тыюу салганын сынга алды.

26-июнда USCIRF АКШ өкмөтүнө кайрылып, тажик бийлигине дин тутуу эркиндигин бузгандыгы үчүн чара көрүүнү өтүнгөн.

USCIRF директорунун орун басары Эрик Уэланд 2016-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды “өзгөчө тынчсызданууну жараткан өлкөлөрдүн” тизмесине киргизгенин, бирок Душанбе “дин тутуу эркиндигин чектөөнүн жаңы жолдорун издеп жатканын” билдирди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20-июнда «улуттук маданиятка жат кийимди сатууга, өлкөгө алып кирүүгө жана коомдук жайларда кийип жүрүүгө тыюу салууну караган» мыйзамга кол койгон.

Мыйзамда ал кандай кийим экени так жазылган эмес. Анткен менен эксперттер кеп биринчи кезекте мусулмандардын жабык кийимдери тууралуу сөз болуп жатканын айтышууда.

Эрежени бузгандарга 7920 сомони же 733 доллар айып пул салынат.

«Биз АКШ өкмөтүн Тажикстан салт-санаа, ырымдарды жөнгө салуу жөнүндө, дин жөнүндө жана башка мыйзамдарды кайра карап чыкканда гана коопсуздукту камсыздоого багытталган жардамын көрсөтүүгө чакырабыз», — деди USCIRF комиссары Сюзи Гельман.

USCIRF уюмунун маалыматы боюнча, 2023-жылы АКШ Тажикстанга түрдүү программаларды ишке ашыруу үчүн 60 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости