www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Үрүмчү шаарында кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордун ачылуу аземине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Борбордун максаты тематикалык жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүү жана долбоорлорду презентациялоо аркылуу кыргыз жана кытай ишкерлери үчүн шарт түзүү.

Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, инвестиция салуунун багыттары, кыргыз-кытай компанияларынын кызматташуусу үчүн маанилүү маалыматтарды кызыккан тараптарга сунуштоо.

Борбор Синьцзян Xing Long корпорациясынын аймагында жайгашкан, анын курамында 200дөн ашуун кытай компаниясы бар. Эми Синьцзян корпорациясы Кыргызстандын аймагында индустриалдык паркты өнүктүрүүгө кызыкдар жана бизнес жүргүзүү үчүн көптөгөн кытай компанияларын тартууга ниеттенүүдө.

Бул борбордун алкагында эки өлкөнүн жеке ишкерлери ортосунда өз ара инвестицияларды тартууга өбөлгө түзүлөт.

Последние новости