www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-июнда Казакстанда атомдук электр станциясын куруу мүмкүндүгү боюнча референдум быйыл күздө өткөрүлөрүн билдирди. Казак өкмөтү азырынча анын так датасын жарыялай элек.

Токаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөп жатып, бул маселе боюнча акыркы чечимди эл кабыл аларын айтты.

Токаев биринчи чет элдик сапарын Орусияга жасагандан бери Казакстандын аймагында атомдук электр станциясын куруу маселесин бир нече жолу көтөрүп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстанда атомдук электр станциясын куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган.

Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкөн айылы Казакстанда атомдук электр станциясын куруу үчүн потенциалдуу аймак катары аталган.

Айрым активисттер, экологдор, эксперттер атомдук ишкананын курулушун кооптуу жана экономикалык жактан көп пайда алып келбеген долбоор деп эсептешет. Андан тышкары коррупция коркунучу бар дегендер аз эмес.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости