www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин берип, анда мындан ары мандат акчага сатылбай турганын, талапкерлер өз күчү жана элдин ишеними менен гана атаандашаарын айтты.
«Мурдагы шайлоолордон артыкчылыгы мындан ары депутаттык мандат 100 миң доллардан баштап 1 миллион долларга чейин сатылбайт. Ар бир талапкер көз карандысыз болуп, өзү үчүн гана чуркайт. Кыргызстандын аймагынын географиялык абалы эске алынып, 30 округга бөлүндү. Ушул жерден айта кетчү нерсе, округдар кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына эмес, жергиликтүү бийликтегилердин сунушу жана БШК менен биргеликте кабыл алынды. “Бул айылды тиги округга кошуп бергиле” деп чуркап жүргөн талапкерлер дагы бар. Андай болбойт.
Кайсы бир талапкердин эмес, жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасап жатабыз. Беш-алты айыл башка облустун же башка райондун округуна кошулуп калса, андан трагедия жасаштын кереги жок. Бир эле Кыргызстанбыз. Кимдин кадыр-баркы жогору болсо, кайсы округдан койбосун, ал өтүп келет. Ар бир округдан үчтөн депутат келет. Үчүнчү орун гендерлик теңчиликти, гендерлик мыйзамды эске алуу менен жынысына карап берилет», — деди президент.