www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салмагың кандай саясатчы?
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
Бүгүнкү Кыргызстанда коомдук ишмерлер менен саясатчылардын эл алдында өз пикирин эркин айтып, жоопкерчилик тартуусу өзгөчө маанилүү. Бирок мамлекеттик трибунадан өз пикирин ачык айтып жаткандай түр көрсөткөн Эдил Байсалов, түпкүрүндө диктатуралык маанайдагы “сөз эркиндигине куйругун бултактаткан” кайчы баалуулуктардын чордонунда турган фигура катары таанылды.
Ал өзүн ар дайым “өлкөнүн акыл-эстүү реформатору” катары көрсөтүүгө аракет кылат. Бирок коомдо ага карата жаралган маанай – эки ача: бир тарабы аны билим берүү, кадрдык өнүгүү, реформалар үчүн күрөшкөн адам катары кабыл алса, экинчи тарабы – элдин үнүн укпаган, элден өзүн жогору сезген чиновник катары сыпаттайт. Буга анын “кылыбыз кыйшайбайт” – деген сөзү далил. Бул жерде маселе сөздө эмес – жоопкерчиликте. Бийлик элден алыстап, сын укпай калганда “кылы кыйшайбаган” жоопкерчиликсиздик келип чыгат.
Ырас, Эдил Байсалов бийликтин бир нече тепкичтеринен өттү. Жарандык коомдо иштеди, активист болду, андан кийин дипломат, азыр өкмөт мүчөсү. Ал эми коом — ошол эле бойдон турат. Байсалов “эч кандай кризис жок” десе оозунан ак көбүк агат. Бирок эл дүкөндө азык-түлүктүн баасынын асмандап кеткенине нааразы. “Кризис жок” дегендер кайсы өлкөдө жашайт? Эгер Байсалов чыныгы мамлекеттик ишмер болууну кааласа — эл менен мамилесин, тилин, баалуулуктарын кайра карап чыгууга милдеттүү.