www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык Кызыл Крест комитети (ЭККК) шаршемби күнү тараткан билдирүүсүндө, Израилдин аскердик операцияларынын күчөшүнө байланыштуу Газанын түндүгүндөгү жергиликтүү кеңсесин убактылуу жапканын жана кызматкерлерин коопсуздукту камсыз кылуу максатында сектордун түштүгүндөгү башка кеңселерге көчүргөнүн маалымдады. Бул тууралуу NazarNewsка CCTV+ маалымат агенттиги билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, тынч тургундар курман болуп, мажбурлап көчүрүлүп, оор шарттарда жашоого аргасыз болууда. Ыкчам жардам кызматтары, анын ичинде Палестина Кызыл Жарым Ай коомунун жана Жарандык коргонуунун кызматкерлери тынымсыз иштеп жатышат, «бирок алардын жүрүш-турушу жана жарандарга коопсуз жетүү мүмкүнчүлүгү кескин чектелген».
Маалыматка ылайык, ЭККК кырдаал шарт түзгөндө Газанын түштүгүндөгү Дейр-эль-Балах жана Рафах шаарындагы кеңселери аркылуу шаар тургундарына колдоо көрсөтүүнү улантат жана абал жакшырган соң кайрадан Газа шаарына кайтып келет.
Билдирүүдө ок атышууну дароо токтотууга чакырык ташталып, Израилге жарандардын негизги муктаждыктарын камсыз кылуу зарылдыгы катуу эскертилди. Ошондой эле медициналык жана куткаруу кызматкерлери, алардын мекемелери урмат-сый жана коргоо менен камсыз болушу керектиги баса белгиленип, гуманитардык жардам тез жана тоскоолдуксуз жеткирилиши зарыл экени айтылды.