www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-октябрда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда өтө турган 30-ноябрдагы шайлоого Бишкек шаарындагы №23 округдан талапкер болуу ниетин Элвира Сурабалдиева билдирди.
Элвира Сурабалдиева буга дейре Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында депутат болуп шайланып, кыска убакыт ичинде эле ачык жана сынчыл көз караштагы эл өкүлү катары коомчулукта белгилүү болгон.
Арийне, ал депутаттык ишинде көрсөткөн активдүүлүгү, көтөргөн маселелери, өз оюн ачык айткандыгы менен парламенттеги башка депутаттардан айырмалап турганы шексиз. Бирок айрым учурларда популизмге жакын билдирүүлөрү, коомдук резонанс жараткан темаларга гана көңүл бурганы үчүн сындагандар да жок эмес.
Эми бул жолку шайлоо анын жеке саясий салмагын, коомчулуктагы ишеним деңгээлин даана көрсөтөт. Саясатчы үчүн эң чоң калыс – бул эл. Сурабалдиеванын эл алдында кайрадан канчалык колдоого ээ боло аларын, 30-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы көрсөтөт.