www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент жаңы вице-премьер-министрди дайындады

Орусиянын президенти Владимир Путин Денис Мантуровду Орусия Федерациясынын вице-премьер-министри – өнөр жай жана соода министри кызматына бекитти.

«Орусия Федерациясынын вице-премьер-министри – Орусия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри жөнүндө» жарлыкка кечээ, 15-июлда кол коюлуп, Кремлдин сайтында жарыяланды.

«Орусия Федерациясынын Конституциясынын 83-беренесине ылайык Денис Валентинович Мантуров Орусия Федерациясынын Премьер-министринин орун басары – өнөр жай жана соода министри болуп дайындалсын жана ал ээлеген кызматынан бошотулсун». Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет», - деп айтылат документте.

Бүгүн эртең менен Мамлекеттик Дума Мантуровду Орусия Федерациясынын вице-премьер-министри – өнөр жай жана соода министри кызматына бекитүү үчүн добуш берди. Парламенттин төмөнкү палатасынын жалпы жыйынында Мантуров Мамлекеттик Думанын депутаттарына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, аны актоого убада берди.

Буга чейин Путин министрлер кабинетине вице-премьер-министр - өнөр жай жана соода министрлигинин башчысы кызматын киргизген. Учурдагы кызматка дайындалганга чейин министрликти Мантуров жетектеп келген.

12-июлда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Мамлекеттик Думага вице-премьер-министр - өнөр жай жана соода министринин кызматына Мантуровдун талапкерлигин сунуштады. Мантуровдун талапкерлигин колдой турганын Мамлекеттик Думанын бардык фракциялары мурда жарыялашкан.

Мыйзамга ылайык, вице-премьерликке талапкерлер Мамлекеттик Дума жактыргандан кийин президент тарабынан дайындалат.

Премьер-министр парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттыгына талапкерди бош орун пайда болгондон кийин бир жумадан кечиктирбестен көрсөтөт, андан кийин депутаттарга чечим кабыл алуу үчүн бир жума убакыт берилет.

Президент Мамлекеттик Дума тарабынан жактырылган вице-премьер-министрди дайындоодон баш тартууга укугу жок, бирок палатанын макулдугусуз, эгерде ал үч жолу ага сунушталган талапкерлерден баш тартса, вице-премьер-министрди дайындай алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости