www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратып, андан соң камакка алуу боюнча Акүйдө уу-дуу кеп жүрүп атканы жашыруун эмес. Мындай демилгеге шыкакчы болгондор - кечээги эле бийлик сересиндеги кошоматчылар, экс-президенттин кареги менен тең айланышкан көрпенделер. Булар эртең Сооронбай Жээнбековду сатышып, жаңы келген башчыга өтө качышары ажеп эмес.

Так ушундай шартта президент арканды алыс ыргытып, баардык саясый шарттарды, келечекти туура аныкташы кажет. Ооба, азыр Атамбаевди алпарып камап коюу оңой. Аңдан аркысы кандай болот? Эл аралык коомчулук кандай кабыл алат? Күнөөсү далилденеби? Эгерде чын эле мамлекет үчүн кыянаттык иштерди жасаган болсо, буга чейин негиздүү фактылар эмнеге чыккан жок? Ким билет, экс-президентгин камалышы «Чоң казаттын» башы болуп, кырдаалды «үчүнчү күчтөр» пайдаланып кетишпейби? Негизи Кыргызстанда саясый кырдаал тез өзгөрүп, элдин агымын токтотуп калуу кыйын экенин буга чейинки эки революция тастыктаган.

Андыктан, өткөндөн сабак алуу менен туура анализди жасай билүү зарыл.

Айтмакчы, жарым жыл мурда камалышкан С.Исаков, К.Кулматов, А.Ибраимов ж.б. чиновниктердин иштери тергелип, алигүнчө сотко өтө элек. Эл да ар кандай ойлой баштады. Булардын үстүнө «чоң шефи» көптүк кылбайбы?

Айтор, Атамбаевди камаса да, камабасада түйшүк экенин түшүнүп турабыз. Ал эми Жээнбековго учурда ачуу сын-пикирлер айтыла элек. «Апрель ТВ» гана кичине чымчылап койгону болбосо. Негизги маалыматтык соккулар жарым жылдан кийин курчуйт. Кызмат үмүт этип атышкан саясый катмардагы «каргалардын» көпчүлүгү жазга чейин душманга айланышат. Себеби, баарына кайда кресло?

Ошентип, оппозиция болууп баш көтөргөн күчтөр биригүүгө аргасыз болушат. Бир жагынан өкмөтүбүз да кылдыраган арабанын жүрүшүндөй. Экономикалык-социалдык көйгөйлөр жарым жылда дагы чыңалат. Суунун баары Нилге куйгандай, сөздүн баары президентке тийет. «Эмне кылыш керек?» деген суроонун жообуна азыр ойлонуу кажет...

Тайлак Назымов

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости