www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкина парламент жыйынында партиялаштарына кайрылып, “Атамбаев менен иштешүүнү каалабагандар арыз жазып, мүчөлүктөн чыгып кетсин” деген эле. Ушундан улам КСДПнын фракциясында Атамбаевге Ирина Карамушкинадан башка жан тартар адам калбай калганбы деген ойго кептелет экенсиң.

Ошон үчүн Ирина Карамушкина Атамбаевди колдоп, ага каршы болгондорду жектеп, болушунча заарын чачып жаткандай. Бир карасаң Ирина Карамушкинанын да айтканынын, күйгөнүнүн жөнү бар. Себеби, Бүгүн Атамбаевге каршы болуп чыга келген Иса Өмүркулов кечээ эле Атамбаевди “журт атасы” деп айга, күнгө теңеп жатпады беле.

Ирина айым ушуга окшогон айлакер саясатчылардын кадамын кечире албай, Атамбаев кызматтан кетер менен Сооронбай Жээнбековго ыктай калган КСДПчылардын бетин чымчып уят кылалбай жаткандай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости