www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-октябрь Түркия мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнүн 95 жылдыгы белгиленүүдө. Президент Режеп Тайип Эрдоган жана министрлер баш болгон өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы негизги иш-чаралар Анкара жана Стамбул шаарларында уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Селжуктук жана Осмон империасынан өткөрүп алган тарыхый жолчулугун келечектеги максаттары менен улантарын белгиледи. Президент бүгүнкү майрамдын өзгөчөлүгүн белгилеп, жалпы элге куттуктоо жарыялады. Куттуктоосунда Түркияны ушул күндөргө алып келгендерге ыраазычылык билдирип, мындан кийин да Түркиянын алдындагы максаттар менен жогорку деңгээлге чыгарын белгиледи. Эрдоган: «Тарыхка эзилгендерге тескери караган эмес, үйүн, нанын бөлүшкөн, бардык темада адилеттүүлүктү жактаган өлкө катары өтүнүн сыймыгы бизге жетет. Эч бир тоскоолдуктун, эч бир саботаждын, эч бир оюндун бизди максаттарыбыздан баш тарттыруусуна уруксат бербейбиз»,- деди. Президент өз сөзүндө террор менен күрөштө жана 2016 – жыл 15-июлдагы козголоң кыймылында каза болгон коопсуздук күчтөрү менен жарандарды да эскерип, алардын элесинин дайыма жашай тургандыгын баса белгиледи. «Селчуктуктан Осмондукка жана ал жерден жаш Түркия республикасына өткөрүп берген тарыхый процесстин ичиндеги тарыхый көчүбүздү 2023 - жылдагы максаттарыбыз менен улантабыз. 2053 – 2071 – жылдагы көз карашыбыз менен да бир жогорку деңгээлге чыгарабыз»,- деп кошумчалады өлкө башчысы.

Эгемендүүлүк майрамынын негизинде бүгүн, дүйнө боюнча эң ири деп болжолдонгон Стамбулдагы үчүнчү эл аралык аэропорттун ачылыш аземи өткөрүлүүдө.   

Аземди Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган ачууда. Салтанатка конок катары Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Катар Эмирлигинен Тамим бин Хамад Ал Тани, Албания президенти Илир Метан, Косово президенти Хашим Тачи, Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акининг, Македония президенти Жорж Иванов, Молдова президенти Игорь Додон, Пакистан президенти Ариф Алвининг катышат. Андан сырткары Сербия президенти Александр Вукик, Судан президенти Умар Хассан Аҳмад ал-Башир, Босния жана Герцеговинанын баш вазири Денис Звездич, Болгария баш вазири Бойко Борисов жана башка көптөгөн ар тараптуу коноктордун катышары күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости