www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоонун эрежелери маалымдалды

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңешке президенттик шайлоонун датасын кароону сунуштады. Маселе 17-сентябрдагы парламент жыйынында каралышы күтүлүүдө.

Депутаттар колдосо, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү өнөктүгү 18-сентябрда башталат.

Президенттикке 35 жаштан жогору, Кыргызстанда жалпы 15 жылдан кем эмес жашаган жарандар талапкер боло алышат.

Шайлоо фондунун жогорку чеги 200 млн сом, бир жеке же ата мекендик юридикалык жактан түшүүчү каражат 50 млн сомдон ашпоого тийиш. Мындан тышкары, талапкер шайлоо фондунан 1 млн сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөйт. Бул каражат кайтарылбай, толугу менен республикалык бюджетке өткөрүлөт.

Последние новости