www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Нарын» бажысынын кызматкерлери Кытайдан импорттолгон жол-курулуш техникасынын чыгарылган жылын туура эмес декларациялоо боюнча үч фактыны аныкташты.
Маалыматка ылайык, бажылык көзөмөл жана ЕАИС программалык камсыздоосуна жүргүзүлгөн мониторинг учурунда товарларды коштоп жүрүүчү документтердеги маалыматтар менен техникалардын VIN-коддорундагы маалыматтар дал келбегени аныкталган.
Тактап айтканда, LINGONG жана CATERPILLAR маркасындагы чынжырлуу экскаваторлордон жана жол катогунан мыйзам бузуулар табылган.
Үч факт боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 8 млн 645 миң 484 сом 1 тыйынды түздү.
Аныкталган фактылар боюнча материалдар тиешелүү тартипте катталып, кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.