www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Тезирээк жакындарыбызды кучакташыбыз керек»: Орусия менен Украинанын аскер туткундары Беларуста алмашылды
Орусия менен Украинанын ортосундагы аскер туткундарын алмашуу Беларустун аймагында өттү. Бул тууралуу БЕЛТА кабарлады.
Алмашуунун жүрүшүндө эки тарап тең 103төн адамды өткөрүп беришти.
Беларусь гуманитардык миссиясынын алкагында алмашууга зарыл шарттарды түзгөн. Гомель аэропортуна учактын коопсуз конушу жана автобустардын «Новая Гута» өткөрмө пунктуна жетүүсү камсыздалган.
Туткундардын ар бирине ысык тамак берилип, кургак рационго 19-августта белгиленүүчү православдык Спас майрамына байланыштуу алма жана бал кошулган.
Алмашуу болгон жерде тез жардам бригадалары да нөөмөттө турушкан. Гомель облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Наталья Мастерскаянын айтымында, мындай операцияларда медицина кызматкерлеринин болушу зарыл.
Анын маалыматына караганда, бул жолку алмашууга 70тен ашык медицина кызматкери тартылган. Жалпысынан дээрлик 2,5 жылдын ичинде орусиялык жана украиналык 1,5 миңден ашык аскер туткунуна медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Медициналык жардам эки тараптын өкүлдөрүнө тең көрсөтүлүп келет. Негизинен алар ар кандай жаракаттар менен келишет. Зарыл учурда жеринде хирургиялык жардам көрсөтүлүп, оор абалдагы бейтаптар аймактагы ооруканаларга, керек болсо Минскидеги республикалык медициналык мекемелерге жеткирилет.
Дарыгерлердин айтымында, туткундардын арасында инсульт алган жана оор жаракаттардан жабыркаган адамдар да болгон.
Алмашууга катышкан ар бир тез жардам бригадасы бинт, ооруну басаңдатуучу, кусууга каршы, кан басымды төмөндөтүүчү жана ысытмага каршы дарыларды камтыган керектүү медициналык каражаттар менен камсыздалган.
Туткундардын эң негизги тилеги — мекенине тезирээк кайтып, жакындарын кучактоо.