www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте чет элдик жаран өзүнүн мыйзам бузуусу боюнча протокол түздүрбөө максатында милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, милиция тарабынан Кыргызстандын аймагында болуу эрежелерин бузган 1983-жылы туулган Ю.Л. аттуу чет өлкөлүк жаран аныкталган. Ага карата укук бузуу боюнча тиешелүү протокол түзүлүп жаткан учурда, Ю.Л. протоколду түзбөөсү үчүн милиция кызматкерине акча каражатын сунуштаган. Чет элдик маселени өз пайдасына чечип берүү үчүн 300 АКШ долларын берип жаткан жеринен кармалган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү Ю.Л. кармалган соң убактылуу кармоочу жайга, кийинчерээк Октябрь райондук сотунун чечими менен ал Nº1 тергөө абагына киргизилди.