www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Казакстан жана Өзбекстан менен аскердик-техникалык кызматташуу келишимдерин жаңылоону тапшырды.

Эксперттердин баамында, Москва муну бир нече максатта жасап жатат. Башкача айтканда, Орусиянын курал-жарак рыногун сактоо, аскердик өндүрүштү кеңейтүү жана Борбор Азиядагы таасирин күчөтүү.

Айрым адистер Орусия Украинадагы согуштан улам өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн Казакстан жана Өзбекстандагы өнөр жай базасын пайдаланууга кызыкдар болушу мүмкүн деп эсептешет.

Бирок мындай кызматташтык Астана менен Ташкент үчүн Батыштын экинчи даражадагы санкцияларына кабылуу коркунучун күчөтүшү мүмкүн. Азырынча келишимдерге кандай өзгөртүүлөр киргизилери расмий жарыялана элек.

Последние новости