www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо ушул жылдын 19-ноябрында болот.

Кыргызстандагы айым лидерлердин арасынан ким президенттик жарышка түшкөнгө бел байлашы мүмкүн. Азыр бул тема боюнча жарандык коомдун ичинде талкуу болуп жатканын Би-Би-Сиге мурдагы судья Клара Сооронкулова билдирди. Эксперттердин билдиришинче, Кыргызстанда аял саясатчылардын президенттик шайлоого аттанышы көп тоскоолдуктар менен коштолушу ыктымал.

Президенттик шайлоо жарышына чыга турган саясатчылардын ысымдары азыртан эле коомчулукка белгилүү боло баштады. Арасында аял саясатчылардын дагы аттары аталып жатканы менен, шайлоого катышарын расмий билдиргендер чыга элек. Айталы, айрым саясат талдоочулар Аида Салянованы президенттикке талапкер катарында көрүүдө.

Депутат Аида Салянова президенттикке талапкер болушу ыктымалдуулугу айтылууда

Депутат Аида Салянова президенттикке талапкер болушу ыктымалдуулугу айтылууда

“Президенттик шайлоого оппозиция Аида Салянованын талапкерлигин көрсөтүшү толук мүмкүн”,- дейт саясий серепчи жана экономика тармагы боюнча адис Азамат Аттокуров.

Жарандык активисттер президенттик шайлоо жарышына аял талапкерди алып чыгуу тууралуу сөз кылышууда. Бул шайлоого катышышы мүмкүн делген аял талапкерлер арасында укук коргоочу Рита Карасартованын, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулованын жана билим берүү ишмери, профессор Камила Шаршекееванын бирөөсүн жарандык коом сүрөгөнү турат.

“Учурда президент болом дегендер чынында көп. Анткени көбү өзгөртүүнү каалайт. Мүмкүнчүлүгүм бар деп өзүн көрсөткөндөр шайлоо жакындаган сайын чыгып жатат. Мен дагы, Рита дагы ат салышуу тууралуу айта элекпиз. Бирок Камила Дүйшөбаевна өз талапкерлигин коюуга даяр. Ал кишиде мүмкүнчүлүк бар. Бул жерден тоскоолдук жараткан нерсе, эгерде күрөө сумманы жогорулатышса, аялдар катыша албай калат. Каражат маселеси аялдарга тоскоолдук жаратышы мүмкүн”,- деди Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.

Роза Отунбаева- Борбор Азия чөлкөмүндөгү биринчи аял президент

Роза Отунбаева- Борбор Азия чөлкөмүндөгү биринчи аял президент

Бирок серепчилердин баамында Кыргызстандагы буга чейинки шайлоолор көрсөткөндөй, аял талапкерлердин шайлоого катышуусунда эркектерге салыштырмалуу бир топ оорчулуктар бар . Айталы, өлкөдө аялдардын саясатка катышуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Коомчулукта аялдын ордун коломтодон көргөн көз-караш үстөмдүк кылат. Ошону менен бирге каражат маселесинде албетте, аялдардын талапкер болушу андан бетер оор дешет адистер.

“Роза Отунбаеванын президент болгону Борбор Азияда, Кыргызстанда абдан чоң жылыш болгон. Адамдардын психологиясына “айымдар деле президент боло алат” деген пикирди калтырды. Бирок быйылкы шайлоодо эмнегедир аялдардын активдүүлүгү аз болуп жатат, бул абдан өкүнтөт. Аттанса да чын эле жеңишке жете албай же ресурстары жетиштүү болбой калышы мүмкүн”, - дейт журналист, серепчи Аида Касмалиева.

Кыргызстанда өткөн буга чейинки президенттик шайлоолордо аял талапкерлер чыккан учур сейрек. Ал эми Роза Отунбаева 2010-жылы апрель окуяларынан кийин өткөөл учурдун президенти болуп референдумда шайланган. Ал өлкөнүн тарыхында Борбор Азия чөлкөмүндөгү биринчи жолу аял президент болуп калды.

Булак: "bbc.com"

Последние новости