www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 10-январда президенттик шайлоого ат салышкан 13 талапкер Facebook социалдык тармагына 300дөн ашык жарнамалык ролик жайгаштырган. Мындай маалыматты «Жалпы иш» коомдук фонду таратты.

Фонд 2020-жылдын 17-декабрынан 2021-жылдын 15-январына чейинки мезгилде талапкерлердин Фейсбуктагы публикацияларына байкоо жүргүзгөн. Негизги маалыматтар Фейсбуктун рекламалык борборунан алынган. Бул баарына жеткиликтүү.

— Элдар Абакиров 74 пост үчүн 947 доллар;

— Курсан Асанов 68 публикацияга 1802 доллар;

— Аймен Касенов 52 публикацияга1935 доллар;

— Бабур Төлбаев 38 постко 2172 доллар;

— Абдил Сегизбаев 24 публикацияга 313 доллар;

— Улукбек Кочкоров 16 публикация — 903 доллар;

— Бактыбек Калмаматов 11 публикация — 658 доллар;

— Канат Исаев 10 публикацияга 350 доллар жумшады;

— Женишбек Байгуттиев 7 публикация — 100 доллар;

— Равшан Жээнбеков 6 публикацияга 100 доллар;

— Адахан Мадумаров 1 публикация үчүн 100 доллар жумшаган;

— Каныбек Иманалиев 1 публикация -100 доллар;

— Арстанбек Мыктыбек 1 публикация — 100 доллар.

«Жалпы иш» коомдук фондунун маалыматына караганда, Facebookтагы жарнама үчүн коротулган акча Борбордук шайлоо комиссиясынын отчетунда белгиленген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости