www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын идеясы менен кете берсек, эркек эркекке, аял менен аял үйлөнүп кыргыз эли жок болуп кетет. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 25 - февралда билдирди.

--“Баш мыйзамга бейөкмөт уюмдар боюнча киргизилди. Эми мыйзамга күчөтүлгөн беренелер менен караш керек. Аларга “чет элдик агент” деген макам берүү абзел. Жыл сайын эмес, ай сайын отчётторду ачык туруусу зарыл. Мени таң калдырганы булардан эч ким маалымат ала албайт экен. Бир гана статкомго анча-мынча маалымат берип коюп, иштерин каалагандай жүргүзө беришет. Эгер булар келген каражатты түз, туура колдонуп жатса анда мен колдойм. Өкмөт менен иштесе андан дагы жакшы. Кыргыздын улуттук балуулуктарына бейөкмөт уюмдарынан акча жумшалбаптыр. Биз баарын анализдеп көрдүк. Мисалы, "Манас” эпосубузду ЮНЕСКОго  киргизгенде экс-депутат Карганбек Самаков чуркап, өз каражаты менен ошол жака кошту. Бүгүнкү күнгө чейин улуттук баалуулуктар боюнча башка көп иштер жасалыптыр. Бирок аларды бул уюмдар колдобой коюшкан. Керек болсо жардам сурап барса дагы колдоо көрсөткөн эмес. Кыргызстан булардын идеясы менен кете берсе аял менен аял үйлөнүп, эркек менен эркек баш кошуп, кыргыз эли жок болуп кетүү коркунучу бар”, - дейт эл өкүлү.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости