www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Бишкектин мэри эмне үчүн алмашкандыгына комментарий берди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкектин мэрлик кызматын аркалап келген Айбек Жунушалиевди кызматтан бошотуп, анын ордуна Эмилбек Абдыкадыровду дайындады.

Ал эми Айбек Жунушалиев болсо мамлекет башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

“Айбек Жунушалиев борбордун турмушун, муниципалдык түзүмдөрдүн ишин жакшыртуу боюнча белгилүү иштерди жүргүздү.

Эми ага мындан кем эмес жооптуу жана татаал иш чөйрөсү ишенип берилди. Мында борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышын айыл өкмөттөрүнөн тартып министрликтерге жана ведомстволорго чейин бардык деңгээлинде көзөмөлдөө зарыл.

Жаңы кызматта ал мыкты жыйынтыктарды көрсөтөрүнө ишенебиз.

Өз кезегинде Бишкектин жаңы мэрине борбор калааны эффективдүү өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча артыкчылыктуу тапшырмалар берилди.

Ошондой эле президенттин администрациясынын президенттин жана иинистрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Кубатбек Кожоналиев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганын билдиребиз”, - деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости