www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткендеги жолугушуусу 27 мүнөт гана болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салды.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөп жатып бул окуянын Баткен облусунда жашаган мекендештер үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин курулушу баштадууда.

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.

КММА бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүндү, мындан сырткары сырткары 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.

«Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл болуп турат. Кудай буюрса ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Облустарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет.

Мына ушундай максатты көздөп, эң жаш облус катары, Баткен облусунан баштап олтурабыз. Баарынан мурда аталган комплекстин максаты келечекте жергиликтүү элдин ден-соолугуна кам көрүү жана кесипкөй адистерди даярдоо болуп саналат», — деп белгиледи Президент.

Жолгушуу соңунда Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө айтылган маселелерди чечүү үчүн тийиштүү тапшырмаларды берди.

Эл менен жолугушуу 27 мүнөткө созулуп, 45ге жакын жергиликтүү жарандар катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости