www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоолукту эрте оронгонума өкүнөм. Ичимен шайтан азгырат...

Жоолук оронгонума эки жылга жакындап калды. Күйөөмө жүдөп жүргөн жакпайт, анын жанында аябай ыңгайсыз боло берем. Билем, эң биринчи “Аллахтын ыраазычылыгы үчүн” деп ниет коюп салыныш керек болчу.

Жоолукка анча көнө албай, жаңы үй-бүлө күтүүдөн да башында кыйналдым. Кайын журтум заманбап жүргөн адамдар. Буга чейин чачымды жайып, аябай жасанып жүргөн кыз болчумун.

Күйөөм менен таанышканда жоолукта эмес элем, бирок “салынам” деген ниетим бар болчу. Айтарым, күйөөм жасанып, чачтарын жайып жүргөн кыздарды жакшы көрөт.

Эки жылда өзүмдү эркин алып жүрө албай койдум, арыктап да кеттим. Күйөөң жоолукту түшүнгөн инсан болсо, аябай колдоо болот экен. А мен күйөөм менен келише албай, эки жакта жашап жатабыз.

Кээде ичимден шайтан азгырып, чечким келип кетет, өкүнгөн учурларым көп. “Ушинтип өкүнүп салынганым кабыл болуп жатабы?” деген ойлор кыйнайт. Айтор, бушайманмын. Кыздарга кайрыларым, жоолук ороноордо жети өлчөп, бир кескиле.

Булак: Азия News гезити

Последние новости