www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин расмий сүрөтчүсү Султан Досалиев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бүгүн, 2-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти Султан Досалиев 1981-жылы 1-мартта Талас облусунун Талас районунда төрөлгөн.

Ал Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Телекоммуникация факультетин бүтүргөн.

Досалиев алгач гезиттерде иштеп, кийин Кыргызстандын президентинин расмий сүрөтчүсү болгон. Экс-президенттер Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун жана Садыр Жапаровдун сүрөтчүсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости