www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын байкоочу кеңеши Уракунованы иштен кетирүүнү колдоду

КТРКнын Байкоочу кеңеши Коомдук телеканалдын жетекчисинин орун басары Жылдыз Уракунованы кызматтан бошотуу тууралуу сунушту колдоду. Мындай арыз менен кеңешке мекеменин жетекчиси Бактияр Алиев кайрылган.

Байкочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев бул маселе 1-апрелде каралганын бышыктады.

«Анын (Уракунова. ред.) эмгек жамаат менен жакшы иштеше албаган жагдайлары жана дисциплинардык эрежелерди бузган фактылары бар экен. Башкы директор ушулардын негизинде бизге кайрылуу жасады. Жыйынга катышкан Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн ичинин 10 киши колдоп бердик», - деди Болгонбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Уракуновага тартиптик чара көрүү тууралуу Байкоочу кеңешке кайрылганы белгилүү болгон. Болгонбаев бул кайрылууну кароодон баш тартышканын белгиледи.

Уракунова КТРКнын башкы директорунун телеберүү боюнча орун басары болуп иштейт. Буга чейин айрым маалымат каражаттар Уруканова менен Байтерек Жерүй алтын кениндеги фабриканы ачуу аземинде өз ара араздашып кеткени тууралуу жазышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости