www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК үстүбүздөгү жылдын 10-февралында «Кадастр» ишканасынын Сокулук райондук бөлүмүнүн директору Алайбек Тентимишевди жана аталган мекеменин жетектөөчү адисин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармаган.

Кылмышка шектүүлөр «Жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө» мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдап, жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине беришкен.  Бул кылмыштык иштин кесепетинен өлкө казынасы 2,4 млн сом зыян тарткан.

2021-жылдын 31-мартында Чүй облусунун административдик соту көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттин карамагына кайтарып берди.

УКМК аталган жарандарды мындан башка да 11 кылмыш иши боюнча тергеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости