www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын ханзаадасы Гарри Ооганстанда кызмат өтөп жүрүп 25 талибди жок кылган. Ал биринчи жолу өлтүргөн жоочулардын санын ачыктады. The Telegraph 10-январда жарыкка чыга турган "Запасной" китебинен үзүндүгө таянып, ханзааданын аскердик кызматы тууралуу маалымат таратты.
 
10 жылдык кызматында Гарри Ооганстанга эки жолу учуп, алты миссияга катышкан. Анын айтымында, согуштун кызуу жерине экинчи жолу барганда ханзаада аскердик тик учактын учкучу болгон жана өмүр баянында белгиленгендей 25 талибди жок кылган. Ал белгилегендей, тик учакка орнотулган камера өлтүрүлгөн согушкерлердин санын так эсептөөгө мүмкүндүк берген.

Ханзаада салгылашуу кызуу кезинде каршылаштарды адам катары эмес, тактадан акырындап түшүргөн “шахмат фигуралары” катары кабыл алганын айтат.

Белгилей кетсек, королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн тайманбастык менен аткаруулары анын коопсуздугуна олуттуу таасир этиши мүмкүн. Чындыгында, ханзаада наамы жана Ооганстандагы иш сапарлары үчүн буга чейин террористтердин бутасына айланган. Королдун колунан өлтүрүлгөн талиптердин чоо-жайы Гарриге жана анын үй-бүлөсүнө кол салууга алып келиши мүмкүн.

Чуулгандуу кабарды жараткан китеп чындыгында 10-январдан кийин дүкөндөргө түшүшү керек болчу. Бирок Испанияда китеп мурда жаңылыштык менен сатылып кеткен. Ошентип, автобиографиядан үзүндүлөр интернетке тарап кетүүгө үлгүрдү.

Ошентип Гарри кайрадан дүйнөнү дүрбөлөңгө сала турган болду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости