www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аукцион учурунда Европада газдын баасы 5,9% кымбаттап, миң куб метри 894,1 долларга жеткен. Мындай кырдаал Европаны экономикалык кризиске кептеп, кымбатчылыктын айынан социалдык жарылууга жеткириши мүмкүн. 

Бул тууралуу "Прайм" агенттиги Лондондун ICE биржасынын маалыматына таянып билдирет. Агенттиктин маалыматы боюнча, TTF индекси боюнча февраль фьючерстери (Нидерландияда жайгашкан Европадагы эң ири хаб) сооданын башталышында минимум $777,3 миң куб метрине (-8%) сатылган, ал эми жабылганда алар кубометрине 894,1 долларга жетти. 

Котировкалардын динамикасы мурунку соода күнүндөгү эсептешүү баасына негизделген – миң куб метр үчүн $844,3 барабар болууда. 

"Bloomberg" агенттигинин болжолдоолоруна ылайык, Евробиримдиктин газга болгон  баанын атайын чегин киргизүүсү энергетикалык кризистин абалын начарлатышы мүмкүн. Евробиримдиктин газ баасынын чегинин механизми баанын олку-солкулугун алдын алууга жардам берет. Бирок ушундан улам Европа, атап айтканда, газ менен камсыздоо жана Азия өлкөлөрүнүн атаандаштыгы күчөйт, деп белгилейт басылма.

Айткандай, Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев соцтармакта 2023-жылга болгон өзүнүн прогнозун билдирген.

Анда:
1. Мунайдын баррели 150 доллар болот.
2. Украинанын батышын поляктар менен венгерлер бөлүп алат.
3. Германияда 4-рейх орнойт.
4. АКШда жарандык согуш болот.

Эгер Россия менен Украинанын ортосундагы согуш оту токтобосо, дүйнөдө тынчтык болбойт окшойт. Экономикалык, социалдык абал оорлоп, кризистин таасири көптөгөн өлкөнүн баш оорусуна айланаары бышык болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости