www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа менен Америка саясатчыларынын Орусияга каршы жаңы санкция киргизүү чечими Батыштын өзүндө болуп көрбөгөндөй кризис жаратты. Бул тууралуу президент Владимир Путин Арктиканы өнүктүрүү жыйынында билдирди.

"Айрым Батыш мамлекеттеринин кадимкидей кызматташтыктан, анын ичинде Орусиянын энергия ресурстарынан баш тартышы миллиондогон европалыкты кыйынчылыкка кептеп, чыныгы энергетикалык кризисти жаратты. Бул көйгөй АКШда дагы байкалууда. Бардык жерде баа көтөрүлүп жатат, инфляция болуп көрбөгөндөй өстү. Бул мамлекеттер мындайга тушуга элек болчу", — деген Путин.

Президент - Орусия дагы кыйын маселелерге тушугуп жатканын, бирок муну жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана варианттардын пайда болушу катары караса болоорун белгиледи. Анын айтымында, өлкө мунай, газ жана көмүрдүн ички керектөөсүн көбөйтүп, чийки затты дагы да иштетип, дүйнөнүн башка аймактарын деле энергия менен камсыздай алат.

Орусиянын Украинага каршы согуш башталганынан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукция алып келүү жолдоруна коюлду. Бирок мунун баары Батыш өлкөлөрү үчүн дагы экономикалык маселе жаратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости