www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполь шаарында украин деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын 1026 жоокери багынып бергенин билдирди.

Мекеменин расмий өкүлү Игорь Конашенков алардын арасында 162 офицер жана 47 аял бар экенин кабарлады. Анын айтымында, жаракат алган 151 украин аскерине медициналык жардам көрсөтүлүп, алар ооруканага жеткирилген.

Өз кезегинде Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Мариуполдо украин аскерлери багынып бергени тууралуу маалыматты четке кагып, ал ырастала электигин билдирди.

Украин президентинин жардамчысы Алексей Арестович 36-бригаданын аскерлери уруш тилкесинен өтүп, шаарда кармашып жаткан "Азов" батальонуна кошулганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости