www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров оппозицияга чукул кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасап, талаш жараткан маселелер боюнча маалымат таратуу боюнча өз пикирин айтты. Мамлекет башчынын айтымында, сөз эркиндиги менен адам укугу сөзсүз сакталып келген жана ошол бойдон кала бермекчи.

“Биздин өлкөдө ар ким каалаганын сүйлөйт, митингдерге чыгат. Чек жок. Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканыңар болбойт”, — деди президент.

Ошондой эле, Жапаров бул нерселер моралдык этикага туура келбесин, абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болорун кошумчалады. “Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө бул маселени чечип кетем деген ниетим бар”, — деди ал.

Мындан тышары, ал жалпы кыргызстандыктарга кайрылып, жалган маалымат таратканды токтотуусун суранды.

“Мындан бир ай мурда фейк аккаунт менен "Кыргызстан Украинага согуштук оор техника ташый баштады, аскерлерибиз согушка жөнөдү" деп чыгара коюп, аны андан ары официалдуу ММКлардан таратып жүргөн жарандарыбыз дагы болгон. Биринчиден, мындай кылган уят иш. Экинчиден, Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка жаман көрсөтүү максаты болуп жатат. Оппозиция болсоңор, жеке мага болгула. Мамлекетти тынч койгула. Согуш менен ойнобогула”, — деп жазды президент.

Последние новости