www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон акыркы чыр-чатак боюнча 13-апрелде Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды. Ал өлкө демократиялык жолдон тайбай турганын, сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталаарын билдирди.
“Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар. Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар”, - деп жазды Садыр Жапаров.
Президент сөз эркиндиги деген шылтоо менен жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.
Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атылган. Бирок эки тараптын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган. Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтоткон соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.
13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын алып кете баштаган.
Тараптар эки ирет жолугушуу өткөрүп, бир катар макулдашууларга келишкен.