www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев жана башка 15 өлкөнүн парламенттеринин өкүлдөрү катышып жаткан БРИКС парламенттик форумунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин кайрылуу жасады.

Ал жаңы геосаясий, экономикалык, демографиялык реалдуулукту чагылдырган дүйнөлүк тартиптин калыптанышы татаал процесс экенин белгилеген Владимир Путин мында парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолду.

Ошондой эле БРИКСтин азырынча институтташтырылган парламенттик структурасы жок экенин айткан Россиянын Президенти: “Бирок келечекте бул идея сөзсүз ишке ашат деген ишенечитемин”, – деп кошумчалады.

Алсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев да жыйында баяндама жасап: “БРИКС+ форматына катышуу Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына толугу менен шайкеш келет. Биз көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууга, көптөгөн тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деп белгилеген.

Эскерте кетсек, БРИКС алгач Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы тарабынан 2006-жылы түптөлгөн. Уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil, Russia, India, China, South Africa). Кийин уюмга Иран, Египет, Эфиопия жана Бириккен Араб Эмираттары кошулган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости