www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөрү Швейцариянын Женева шаарында "Манас" жана Чыңгыз Айтматов" көргөзмөсү өтүп жатат. Анын алкагында "Манас" эпосунун жана Чыңгыз Айтматовдун аты дүйнөгө дагы бир ирет жар салынды.

Аталган иш-чара Кара-кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызпатенттин демилгеси менен уюштурулууда.

Көргөзмөгө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго жана улуу "Манас2 эпосуна байланыштуу кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде чыгарылган китептер, сүрөттөр, буклеттер коюлду.

Андан тышкары, Кыргызстанда өндүрүлгөн, географиялык көрсөткүч макамына ээ азык-түлүктөр, кыргыздын руханий мурасы катары эсептелген элдик кийимдер, аспаптар да көргөзмөнүн текчесинен орун алды.

Иш-чаранын расмий ачылышына катышкан Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана "Манас" эпосунун өзгөчөлүгүнө токтолуп, келгендерди көргөзмөгө чакырды.

Женева шаарында кыргыз күүлөрү жана ырлары жаңырды. Кыргызстандан барган делегациянын курамында маданият өкүлдөрү, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин артисттери да бар.

Белгилей кетсек, эл аралык ири иш-чарага Кыргызстандан 16 адамдан турган делегация барган. Алардын арасында ишкерлер, өндүрүшчүлөр, жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү да бар.

Көргөзмөгө Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна мүчө болгон 193 мамлекеттин өкүлдөрү күбө болууда. Алар кыргыз ыр-күүлөрүнө, улуттук кийим жана тамак-аштарына суктанууларын жашырган жок.

Мындай иш-чара – Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүп, өлкөдө өндүрүлгөн товарларды дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу менен кыргыз маданиятын даңазалоого шарт түзөт дешет уюштуруучулар.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости