www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремлде Донецк жана Луганск элдик республикаларынын, ошондой эле Запорожье жана Херсон облустарынын Орусияга кошулуусу боюнча келишимдерге кол коюу аземи өттү.

Документтерге президент Владимир Путин жана субъекттердин орусиячыл администрацияларынын жетекчилери – Евгений Балицкий, Владимир Салдо, Денис Пушилин жана Леонид Пасечник кол коюшту. Алардын баары мурда Украинанын бир бөлүгү болгон. Эми төрт келишим Мамлекеттик Дума менен Федерация Кеңеши тарабынан ратификацияланышы керек.

Буга чейин орус армиясы көзөмөлдөгөн аймактардын орусиячыл бийлик башчылары келишимдерге кол коюу үчүн Москвага келишкен. 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин аймактарда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгында орусиячыл бийликтин маалыматы боюнча, төрт аймакта тең шайлоочулардын 87%дан ашыгы макул деп добуш берген. Орусия 22-февралда ДЭР менен ЛЭРди көз карандысыз аймак катары тааныган. Ошондой эле, 29-сентябрда Запорожье жана Херсон облустары көз карандысыз аймак деп таанылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости