www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин "Кара-Жыгач" конушунда бийик имараттарды курууга уруксат берген аткаминерлерге иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаменти жана Курулуш-архитектура контролдоо шаардык башкармалыгынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын башкы планына ылайык, “Кара-Жыгач” конушунун аймагында үч кабатка чейинки турак жай курулуштарын гана курууга уруксат берилген. Бирок жогорудагы маморгандардын кызматкерлери “Кара-Жыгач” конушунун аймагында үч кабаттан бийик жана көп батирлүү объектилердин курулушуна уруксат иш кагаздары берилген.

Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости