www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Эрдоган менен Иранда жолугушат

Кремль орус президенти Владимир Путиндин келерки жумада боло турган Тегеранга сапары тууралуу маалыматты тастыктады. Сүйлөшүүлөр Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен гана эмес, Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен да өткөрүлөт деп жазат РИА Новости.

«Үч тараптуу жолугушуудан тышкары, албетте, эки тараптуу жолугушуулар да болот. Кечээ биз Путин менен Эрдогандын жогорку деңгээлдеги жолугушуулары тууралуу кабарладык жана бул жолугушуу да ошол жерде болот», - деди президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Азырынча Путин менен Раиси экономикалык кызматташууну талкуулайт деп болжолдонууда. «Иран менен Орусиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү пландоо эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө артыкчылыктуу болот», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости