www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын көрүнүктүү тарыхчыларынын бири, профессор, Нур-Султандагы Мамлекеттик тарых институтунун директорунун орун басары Бүркүтбай Аяган NazarNews агенттигине берген маегинде Бишкектеги реконструкцияланган Улуттук тарых музейине баргандан кийинки таасирлери тууралуу айтып берди. Анын пикиринде Борбордук Азиянын эң байыркы элдеринин бири болгон кыргыздардын улуу тарыхы музейдин экспозициясында жетишсиз чагылдырылган.

--«Көп нерселер советтик үлгү боюнча жасалган. Ал эми 20-кылымга келсек, азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган 20-30-жылдардагы атактуу ишмерлер Жусуп Абрахманов, Касым Тыныстанов өңдүү кыргыздын улуу инсандарынын ысымдары ал жерде көрсөтүлбөгөнү мени таң калдырды. Мен аларды ал жерден көргөн жокмун. Айтмакчы, Казакстанда «Алаш Орда» лидерлеринин ысымдары бардык жерде: алардын ысымдары аянттарга ыйгарылып, көптөгөн эстеликтер тургузулуп, алар жөнүндө көптөгөн китептер жазылган. Жакында эле Караганда шаарынын бүтүндөй бир районуна "Алаш Орда" лидери Алихан Бокехановдун ысымы ыйгарылды. Бизде так кыймыл бар, биз өзүбүздү кайра тааныйбыз. Музей, менин оюмча, өтө маанилүү роль ойнойт. Мен музейден көптөгөн чет элдиктерди, жергиликтүү элди жана жаш балдарды көрдүм. Алар бул маалыматты өзүлөрүнө сиңирип алышат», - дейт профессор Бүркүтбай Аяган.

Маек толугу менен төмөнкү тасмада:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости