www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Херсон жана Запорожье облустарын "көз карандысыз аймак" деп таануу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерине жана нормаларына ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген элдердин тең укуктуулугу жана өз тагдырын өзү аныктоо принцибин тааныган жана ырастаган, Херсон облусунун элинин эркин эске алуу менен 2022-жылдын 27-сентябрында өткөн референдумда мен чечем: Херсон облусунун эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы таанылсын", - деп айтылат документте.

Экинчи Жарлыкта Запорожье областынын суверенитетин жана көз каранды эместигин таануу жөнүндө айтылган.

Маалым болгондой, 30-сентябрда Кремлде Донецк жана Луганск элдик республикаларынын, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарынын Орусияга кошулуусу боюнча келишимдерге кол коюу аземи болот.

Эске салсак, 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин ДЭР менен ЛЭРде, ошондой эле Херсон облусунда жана Запорожье облусунун бошотулган аймактарында бул аймактардын Орусиянын курамына кирүү боюнча референдумдар өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости