www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Президент Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости