www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылынын (Казакстанда тыюу салынган уюм) өкүлдөрү Ирандагы нааразылык акцияларын колдогон аялдардын демонстрациясын асманга ок атуу менен таркатты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Кабулдагы Иран элчилигинин имаратына 25 чакты аял демонстранттар келишти. Алар «Иран көтөрүлдү, эми биздин кезек!» жана «Кабулдан Иранга чейин диктатурага жок деп айт!» деген жазуусу бар транспаранттарды көтөрүп жүрүштү.

Бирок митинг ок атуулар менен үзгүлтүккө учурады. Агенттиктин маалыматына караганда, талиптер катышуучуларды таратууга аракет кылып, асманга ок чыгара баштаган.

Белгилей кетсек, талибдердин бийликке келиши жана катуу эрежелердин орношу менен ооган аялдары аялдар жана азчылык топторунун өкүлдөрү кирбеген өкмөткө каршы нааразылык акцияларына активдүү катышкан.

Ооган аялдарынын акыркы нааразылык акциясы коңшу Иранда уланып жаткан нааразылык акцияларынын фонунда болду.

Эске салсак, Иранда 16-сентябрда адеп-ахлак полиция тарабынан кармалган 22 жаштагы Махса Аминини акыркы сапарга узатуу зыйнатында башталган демонстрациялар өлкөнүн бардык провинцияларына жайылып, 2019-жылы күйүүчү майдын баасына байланыштуу жалпы улуттук демонстрациялардан берки эң ири демонстрация болуп саналат.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Ирандагы бул нааразылык акцияларында каза болгондордун саны 80ге чукулдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости