www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Ким Чен Ынга ыраазычылык билдирди

Россиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга Курскта болгон салгылашуу үчүн аскер жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал орус эли Россия үчүн өмүрүн берген кореялык баатырларды урматтай турганын белгилеп, Түндүк Корея менен Россиянын согуш талаасында бекемделген достугу мындан ары көп багытта өнүгө тургандыгын кошумчалаган.

28-апрелде Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги (ЦТАК) Түндүк Корея өз ара коргонуу келишиминин алкагында Россияга Украинадагы жаңжалда колдоо көрсөтүү үчүн аскер кызматкерлерин жөнөткөнүн билдирген. Муну менен коомдо айтылып келген маалымат расмий түрдө биринчи ирет тастыкталды.

Пхеньян шаарында Курсктагы салгылашта каза тапкан жоокерлер үчүн айкел орнотулары маалымдалды.

Последние новости