www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандагы Шахид-Ражаи портундагы жарылууда каза тапкандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу Коммерсант гезити Mehr агенттигине таянып кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, кырсыкта 40 киши көз жумуп, дагы 900дөн ашык адам жаракат алды.
Ошондой эле жарылуунун кесепетинен бир катар имараттар жабыркады.
26-апрелде болгон жарылуунун азырынча себептери айтыла элек. ЖМКлардын маалыматтарына караганда, кырсык ракетанын күйүүчү отунуна керектеле турган заттар туура эмес сакталгандан келип чыгышы мүмкүн.
Күн мурун президент Садыр Жапаров деңиз портундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалады.