www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 2-июнда Коопсуздук кеңешинин жумалык жыйынын өткөрдү. Бул Москвага учкучсуз учактар ​​жасаган чабуулдан кийинки биринчи жыйын.

Путин Коопсуздук кеңешинин 12 туруктуу мүчөсүнө, алар ичинде бардык күч түзүмдөрүнүн (Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, ФСБ, Тышкы иштер министрлиги, Чалгын кызматы) жетекчилерине, парламенттин эки палатасынын башчыларына, ошондой эле тышкы иштер министри Сергей Лавров, экс-президент Дмитрий Медведев жана Кеңештин катчысы Николай Патрушевге кайрылып, “кара ниет адамдар” “Россия Федерациясынын ичиндеги кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатат” деди.

Путиндин айтымында, соңку убакта “туруксуздаштыруу аракеттери” күчөдү, ага байланыштуу Коопсуздук кеңеши “Россиянын коопсуздугун камсыздоону”, анын ичинде “ички саясий коопсуздук” маселелерин карашы керек.

"Биз кандай шартта болбосун, алардын мындай кадамга барбашы үчүн баарын кылышыбыз керек", - деди Путин.

Путин Орусиянын ички туруктуулугуна коркунуч туудурарын 30-майда, украиналык учкучсуз учактар ​​Москвага биринчи жолу учуп келип, үч турак жайды талкалаган күнү жарыялаган. Москва облусунда, анын ичинде Путиндин өзүнүн Ново-Огареводогу резиденциясынын жанында, ошондой эле орус элитасынын Рублев сарайларынан алыс эмес жерде кеминде он УУА атып түшүрүлгөн. Максаты “Орусиянын жарандарын коркутуу” экенин айткан Путин “турак жайларга сокку урууну” “террористтик ишмердүүлүктүн ачык белгиси” деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости