www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунун алкагында Кыргыстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Казакстантын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель үчүн расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.

Жогорку даражалуу меймандарды тосууда аларга Жер планетасы, анын адамзат үчүн ыйыктыгы жана баа жеткис белек экени, Жерде жашаган адамдар бир тууганча, бекем достукта жашашы зарылдыгы баяндалган «Ыйык аманат» аттуу театрлаштырылган пролог көрсөтүлдү.

Театрлаштырылган пролог Драм театрдын артисттери жана “Шаттык” улуттук үлгүлүү бий ансамбли тарабынан коюлду.

Андан соң делегация башчыларына Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли жана филармониянын эстрадалык-симфониялык оркестри тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Актерлор менен эстрада артисттери Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробирликтин ортосундагы тарыхый достукту, ынтымакты, ар тараптуу кызматташтыкты жана маданий-социалдык карым-катнашты жогорку чеберчилик менен көрсөтүп беришти.

Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Европа Кеңешинин делегация башчылары үчүн БА жана ЕБ өлкөлөрүнүн белгилүү музыкалык чыгармалары аткарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости