www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөнү селт эттирген “Пригожиндин бунту” Кремль өзү пландаган эле "спектакль" болду. Мындай көз жазгырган кадам аркылуу В. Путин Киевге жакын жайгашкан Белоруссияга Пригожиндин армиясын оңой которуп алды. Шылтоо өзүн актады. Эгер түз эле Белоруссияга дислокация кылганда Москванын планы ачык билинип калмак.
Дагы бир эң негизи утушу, Путин ага тымызын каршы болуп, котур ташын койнуна катып жүргөндөр кимдер экенин аныктап алды. Бул окуя аркылуу өнөктөш өлкөлөрдүн жетекчилеринин чыныгы мамилесин анализден өткөрдү. Тактап айтканда, эки жүздүү ички-тышкы саткындардын жүзүн ачкан эң чоң мүмкүнчүлүк болду.
Ал эми экономикалык жактан дагы пайдалуу ийгиликке жетти. Башкача айтканда, жеке колго өтүп кеткен россиялык ири компаниялардын акцияларын кунун түшүрүп, рублдин курсун төмөндөтүп туруп, мамлекеттин эсебине арзан сатып алып, болушунча пайда көрүштү. Өтө так ойлонуп, чечилген тактика болду.
Кыскасы, ар ким ар кандай божомолдоп, Путиндин кадыры түштү, алсыздыгы билинип калды деген пикирлер суу кечпейт. Тескерисинче, Путиндин эч ким ойлоно албаган, күтүлбөгөн тактикалык жүрүштөрдү жасай алган, стратег, акылман экенин бүт дүйнө сезди. Моюндарына алышты.
Мына ушул дүйнөнү дүрбөткөн окуяда Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Путин Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Түркия жана Ирандын президенттерине телефон чалган. Ал эми эмнегедир Кыргызстан менен байланышкан эмес. Муну кандай түшүнсө болот? Биздин бийликке ишенбейби? Жакшылыкка жоруйбузбу, же кооптуу коңгуроо катары кабыл алышыбыз керекпи?
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес
Булак: NazarNews.kg