www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн парламент жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков спикерден эртең Жогорку Кеңеш кандай иштей турганын сурады.

Анын айтымында, регламентте июнь айынын акыркы күнү депутаттардын жай мезгилиндеги ишинин акыркы күнү деп эсептелери көрсөтүлгөн.

«Конституцияда жана регламентте парламенттин кайсы күнү акыркысы экени так жазылган. Иштейбизби же жокпу ушуга комментарий бергилечи. Бүгүн 29-июнь, эртең 30-июндун акыркы күнү. Бүгүн сессияны жапсак, эртең эмне болот? деп сурады Дастанбек Жумабеков.

Ал эми спикер Нурланбек Шакиев пленардык жыйындар шаршемби жана бейшемби күндөрү өтүп жатканын, жума күнү фракциянын жыйындары болоорун айтты

«Жума күнү пленардык жыйын жок, фракция жыйындары бар. Эртең президент өлкөнүн эң ири долбоору Асман шаарына капсула салаарын билесиздер. Иш-чарага бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин депутаттары чакырылган. Ошондуктан биз бүгүн сессияны жаап жатабыз. Бул регламентке карама-каршы келбейт деп ойлойм», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости