www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саясатчылардын тизмесине кыргыз саясатчыларынын кириши бул түштө көрбөгөн нерсе. Дайыма алдыңкы орундарды ээлеп келген Жо Байден менен Владимир Путиндин аттары быйыл тизмеге илинбептир. Тизменин башында Си Цзиньпин (Кытай) турат. Себеби, эмнеде, быйыл жыл өтө оор болду, былтыртан бери коронавирус деген балакет чыгып алып мен деген саясатчыларды арткы орунга сүрүп салды. Быйылкы жылдын 10 мыкты саясатчысын айта кетели:

Си Цзиньпин (Китай)

КЭР эң биринчилерден коронавирустун мурдун канжалатып, дүйнө алдында жакшылыктын белгисин коюп койду. Кытай алдыны көздөй кадам таштап, артка кетип бараткан экономиканы ооздуктап, өзүнүн дүйнөдөгү позициясын бекемдей алды.  Эмки жылы Япония жана Түштүк Корея менен биригип эң күчтүү экономикалык кластерди курууга аракетин баштады. 

Реджеп Тайип Эрдоган (Түркия)

Түркиянын президенти тышкы саясаттын «шахматтык доскасында» Ливия, Сирия, Жер ортолук деңиздин чыгышында жана Кавказда  өз жүрүштөрүн түз ойноп, бардык жерде жеңиш менен чыкты. Эрдогандын саясий оюндары геосаясий жүрүштөрдө  аймактарда анын ким экенин билдирип, алдыны көздөй оозуп баратат.

 Нарендра Моди (Индия)

Индиянын премьер-министр көп вектордуу саясатта өзүнүн мастер-класс экенин билдирди.  Модинин жетекчилиги менен Индия АКШ менен согуштук маалыматтар боюнча келишимге кол коюп, Орусиядан С-400тү  алууга макулдашып, Кытай менен чек ара чатактарын тыйып, дайыма кас келаткан Пакистан менен чыр-чатактарды тыя алды.

Садыр Жапаров (Кыргызстан)

Кыргызстанда болуп өткөн башаламандыктар көптөгөн дүйнөлүк саясатчыларды чоочутуп койгон. Мурун бийликтин шатысында «саясий туткундун»  ролун ойноп келаткан Садыр Жапаров түрмөдөн түз эле президенттин милдетин аткаруучу катары келип, андан соң өкмөт башчысы катары башкаруу тармагын жөнгө салып, президенттик жароышта алдыда кедип, өлкөнү башкара турган адам бар экенин билдирип койду.

 Камала Харрис (АКШ)

Азыркы АКШ президенттин вице-президенти Камала Харрис келечекте өзүн перспективдүү саясатчы экенин аныктай алды.

 Виктор Орбан (Венгрия)

Премьер Венгриянын премьери  Виктор Орбан Жорж Соростун оозу- мурдун тумчулап дүйнөлүк аренада көрүнүктүү саясатчывлардан экенин айгинелепе койду. 

 Ингрида Шимоните (Литва)

Ингрида Шимоните “Союз Отечества - Литовские христианские демократы” партиясын жетектеп Литва Республикасынын Сейминде көрүнүктүү ролду ойноду.   

Майя Санду (Молдова)

Президенттик таймашта мурунку президент Додонду жыга түртүп Майя Санду алдыга чыккан. Батышчыл Санду эми кайсы тарапка барарын турмуш көрсөтөр.

Ильхам Алиев (Азербайжан)

Тоолуу Карабахтагы Ильхом Алиевдин жеңиши аны да бир тепкичке алдыга түрттү.

Луис Арсе (Боливия)

Эво Моралестин кызматынан кеткени Луис Арсени алдыга түрттү.  Балким анын жеңиши Боливияда тынчтыкты орнотор.

 Орусчадан которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости