www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Путин менен Си Цзиньпин октябрда Пекинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев орус-кытай консультацияларында билдирди.
"Октябрда биз Россиянын мамлекет башчысынын “Один пояс — один путь” эл аралык форумунун иш-чараларына катышуусунун алкагында Пекинде Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда деталдуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү күтөбүз", - Патрушев Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И менен жолугушууда билдирди.
Ал ошондой эле Тайвань, Синьцзян, Тибет жана Гонконг маселелери боюнча Кытайды колдоорун билдирди.
Белгилей кетсек, Си Цзиньпин Россияга ушул жылдын март айында келген. Бул жолу Путин Кытайга барат деп күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg