www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФ президенти Владимир Путин Орусиянын чет өлкөдөгү гуманитардык саясатынын концепциясын бекитти. Документ укуктук маалымат расмий порталына жарыяланганын РИА Новости жазды.

Президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Орусиянын чет өлкөлөрдөгү гуманитардык саясатынын максаты — дүйнөдө өлкө жөнүндө объективдүү көз карашты калыптандыруу, бекемдөө, дүйнөлүк тарыхта жана маданиятта Россиянын ролун жана ордун түшүнүүгө көмөк көрсөтүү, адамдардын ортосундагы байланышты кеңейтүү болуп саналат", — деп жазылган документте.

Маалым болгондой, гуманитардык саясат Орусиянын тышкы саясатынын негизги бөлүктөрүнүн бири.

Концепцияда көрсөтүлгөн тапшырмалар:

Орусиянын бай тарыхын жана маданий мурасын, салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын сактаган мамлекет катары көрсөтүү;

Орус дүйнөсүнө мүнөздүү салттарды коргоо, сактоо жана жайылтуу;

РФтин аймагында жашаган бардык элдин маданиятынын кадыр-баркын бирдей тааныган Орусиянын федералдык түзүлүшүнүн артыкчылыктарын жайылтуу;

Дүйнөдө орус тилинин ролун, маанисин күчөтүү;

Ата мекендик билим берүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости