www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулдагы Орусиянын элчилигинин жанындагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги аталган террордук уюмдун билдирүүсүнө таянып билдирди.

Аталган кол салууну эртең менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн консулдук бөлүмүнүн имаратынын жанында жанкечти-террорист жасаган. Жыйынтында, элчиликтин эки кызматкери жана бир нече ооган жараны набыт болгон.

Кабул полициясынын басма сөз катчысы Халид Задран жанкечти чогулгандарды жардырууну пландаганын, бирок аны ишке ашыра албаганын, анткени коопсуздук күчтөрү ага каршы ок чыгарганын билдирди.

Теракттан кийин курулуш комплексинин сырткы периметрин коргоо Ооган бийлигинин жана жергиликтүү контрчалгын кызматынын кошумча күчтөрүн тартуу менен күчөтүлгөнүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин элчиликтин кызматкерлеринин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоону тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости